• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Министр Айдарбеков Францияда жашаган мекендештер менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 20.11.19. /Кабар/. Күн мурун 19-ноябрда Францияга болгон сапарынын алкагында КР Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Францияда жашаган мекендештер менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө министр кыргыз жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин иши маанилүү багыт болуп санала тургандыгын белгиледи.

Францияда жүргөн Кыргызстандын жарандарына консулдук-укуктук колдоо көрсөтүү маселелери, кыргыз-француз мамилелери жана эки тараптуу кызматташуунун келечектүү багыттары боюнча пикир алмашуу болгон.

Чет өлкөдөгү мекемелердин консулдук ишмердүүлүгүн оптимизациялоонун алкагында министрлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер жана мекендештер менен байланышуу боюнча КР президентинин алдындагы Кеңештин ушул жылдын август айында өткөн жыйынынын жыйынтыктары тууралуу маалымат берилди.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов да мекендештер менен болгон жолугушууга катышкан.

Пикир

Оставить комментарий