• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Министр Айдарбеков Япониянын Хамура шаарынын делегациясын кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 03.07.19. /Кабар/. Бүгүн, 3-юлда Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Токио округунун Хамура шаарынын мэри Шин Намики башында турган Япониядан келген делегацияны кабыл алды.

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, министр Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун 2019-жылды «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыялаганын жана ушуга байланыштуу эки өлкөнүн региондорунун ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү маселесине кыргыз тарабы өзгөчө көңүл бурарын белгиледи.

"Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы маданий-гуманитардык жана спорттук кызматташтыкты интенсификациялоо боюнча айкын практикалык чараларды көрүп жаткан Хамура шаарынын мэриясынын администрациясына ыраазычылык билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Өз кезегинде мэр Шин Намики Япония менен Кыргыз Республикасынын региондорунун ортосундагы байланыштарды бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи жана билим берүү жаатында кызматташууга кызыкдарлыгын билдирди.

Ошондой эле ушул жылдын август айында Япониянын Токио шаарында өтө турган дзюдо боюнча Дүйнө чемпионатына спортсмендерди дая

Пикир

Оставить комментарий