• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Министр Айдарбеков Индиянын элчиси Алок Амитабх Димри менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 12.06.19. /Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Индиянын Кыргызстандагы элчиси Алок Амитабх Димрини кабыл алды.

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин Кыргызстанга боло турган расмий сапарына даярдыктын жүрүшү талкууланган.

Ошондой эле кыргыз-индия бизнес-форумун жана текстиль менен кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөсүн өткөрүүгө өзгөчө басым жасалды.

Пикир

Оставить комментарий