• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Министр Айдарбеков КМШ тышкы иштер министрлеринин Кеңешинин жыйынына катышууда

Саясат 0

Бишкек, 10.10.19. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин Кеңешинин кезектеги жыйынына катышууда.

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, тышкы саясий ведомстволордун башчылары тышкы саясат, аскер жана гуманитардык чөйрөлөрүндө КМШ өлкөлөрүнүн өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашат. Тараптар маалыматтык коопсуздук жана баңгизат соодасына каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү документтерди да карашмакчы.

Андан тышкары, кеңешменин катышуучулары эртең, 11-октябрда Ашхабад шаарында КМШ мамлекеттеринин башчыларынын Кеңешинин жыйынына киргизиле турган документтердин бир катар долбоорлорун жактырышат.

Пикир

Оставить комментарий