• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Министр Айдарбеков менен БУУнун өнүгүү программасынын администратору кызматташтыкты талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 25.09.19. /Кабар/. БУУнун Башкы Ассамблеясынын аянтчасында КР Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков БУУнун өнүгүү программасынын администратору Ахим Штайнер менен жолукту. Жолугушуу кыргыз тарабынын демилгеси менен болду, - деп билдирет КР ТИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен ПРООНдун ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу, атап айтканда, туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруунун жана 2030-жылга чейинки тиешелүү күн тартибинин алкагында кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланган.

"ПРООНдун Кыргызстанга жардам берүүсүнүн приоритеттүү багыттарын ишке ашыруу боюнча пикир алмашылды. БУУнун мекемелери тарабынан Кыргызстанга 2018-2022-жылдарга жардам көрсөтүү алкактык негиздерин (ЮНДАФ) министр оң баалап, ЮНДАФ линиясы аркылуу 92 млн. АКШ доллары тартылгандыгына ыраазычылык билдирди жана биргелешкен аракеттер аркылуу ЮНДАФтын гранттык салымы мындан аркы ишке ашыруу мөөнөттөрүнө толук бөлүнүп берилээрине ишеним билдирди", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий