• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Министр Айдарбеков менен Япониянын юстиция министри кызматташтыкты талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 25.10.19. /Кабар/. Күн мурун Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Япониянын юстиция министри Кацуюки Каваи менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тараптар Кыргызстандын жарандарын Японияга жумушка тартуу келечектерин талкуулашкан.

"Айдарбеков япон компанияларында иштөө үчүн квалификациялуу кадрларды даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын дарамети жөнүндө айтып берди. Ал 2018-жылдын декабрында Иммиграциялык контролдоо жана качкындар жөнүндө мыйзамга толуктоолор киргизилгендигин, ага ылайык 2019-жылдын 1-апрелинен тартып Япония “1-атайын көндүмдөр” жана “2-атайын көндүмдөр” деген визалардын эки жаңы категориясын киргизгендигин айтып өттү. Ал кыргыз тарабы жогоруда айтылган категориядагы визаларды берүүнүн талаптарына ылайык кадрларды даярдоо боюнча ишти жүргүзүп жаткандыгын билдирди. Ага удаа Кыргыз Республикасынын Япониядагы элчилиги Кыргыз Республикасынын эмгектик резервдери жөнүндө маалыматты япон компанияларынын арасында таркатуу боюнча кеңири ишти жүргүзүүдө. Аны менен бирге Ч.Айдарбеков Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн визалардын жаңы категорияларын киргизүүнүн мөөнөттөрү жана шарттары боюнча япон тарабынын пландары жөнүндө кызыкты", - деп айтылат маалыматта.

К.Каваи аталган визалардын категориялары 2019-жылдын 1-апрелинен тартып киргизилгендигин тастыктады. Ал жаңы эрежелердин алкагында 5 жыл аралыгында курулуш, кызмат көрсөтүү, автомобилдерди тейлөө чөйрөсүндө жумуштар үчүн 345 150 виза берүү пландалып жаткандыгын билдирди.

"Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар жумушчу деңгээлде консультацияларды улантууну макулдашышты", - деп кошумчалашты министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий