• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Министр Аксыдагы "коронавирус менен ооруган жокмун" деген аял боюнча түшүндөрмө берди

Коом 0

Бишкек, 05.04.20. /Кабар/. Кечээ, 4-апрель күнү Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан 24-25 жаштагы эки жаш жигит жана Аксы аймактык ооруканасынан 45 жаштагы аял коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылганын билдирген. Бирок, ошол эле күнү социалдык тармактарда "Аксыдагы коронавирустан айыгып чыкты деген аял менмин, бирок мен ал оору менен ооруган жокмун, дары ичкен жокмун, болгону 14 күн карантинде жатып чыктым" деген аялдын видеосу тараган.

Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов ал билдирүү боюнча түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, ал аялда коронавирус болгон жана ага дары-дармек берилип ооруканада дарыланган.

"Мен ооруканадан чыккандарга кайрылат элем, объективдүү маалымат беришсе. Менде оору жок болгон деп айтыптыр. Оору клиникалык түрдө байкалбаса да вирус организмде жүрөт. Ал айланадагылар үчүн кооптуу болот. Адам ооруганын сезбесе да анын организминде вирус болот. Ал ооруканага жаткырылган, дары берилген. "Мага дары берген эмес" дейт. Ал чындыкка дал келбейт. Урматтуу бейтаптар сүйлөп жатканда ойлонсоңуздар. Чындыкты айтыш керек. Эгер оору, оорунун козгогучу болбосо аны ооруканага жаткырып, дарылоонун бизге кандай кызыкчылыгы бар", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 5-апрелге карата коронавирус жуктурган 3 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 147ге жетти. Алардын ичинен 9 адам коронавирустан айыкты. Коронавирус жуктурган 1 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий