• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков иш сапары менен Венгрияда болду

Коом 0

Бишкек, 01.12.21. /Кабар/. КР Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков иш сапары менен Венгрияда болду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш сапарынын алкагында министр "Кишкёре" (Тиса көлүнүн району) ГЭСинин плотинасына барды. Ал Венгриядагы эң ири "Кишкере" гидроэлектрстанциясы болуп саналат, кубаттуулугу 28 МВт түзүп, Тиса дарыясында жайгашкан. Биринчи блок 1973 - жылы ишке киргизилген, акыркысы ошол эле жылы иштеп баштаган. Ал Tisza Eroma ZRt компаниясы тарабынан иштетилет.

Ушул эле күнү Венгриянын инновациялар министрлигинин профессору жана доктору жогорку билим берүү, инновациялар жана кесиптик окутуу боюнча мамлекеттик катчысы Йожеф Бодиш менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууда тараптар министрликтердин ортосунда ветеринария, фитосанитария, балык чарбачылыгы (ихтиолог), аарычылык, кой чарбачылыгы, агрономия, агрохимия, биотехнология, гидротехникалык курулуш, суу менен камсыздоо жана суу чыгаруу адистиктери боюнча ведомстволук мекемелер үчүн 10 квотага чейин магистратура жана аспирантураны окутуу программасын иштеп чыгуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Пикир

Оставить комментарий