• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Министр Аскаров Баткендеги өрт-куткаруу бөлүктөрүнүн абалы менен таанышып чыкты

Аймак 0

Бишкек, 12.03.20 /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров Баткен облусундагы иш сапарынын алкагында өрт-куткаруу бөлүмдөрүнүн өздүк курамы жана материалдык-техникалык базасынын абалы менен жеринен таанышып чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министр ӨКМдин Баткен облустук башкармалыгынын жана №26 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн, Баткен шаарындагы Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын, Лейлек райондук №74 жана Сүлүктү шаарындагы №52 Өрткө каршы куткаруу бөлүктөрүнүн өздүк курамы жана материалдык-техникалык базасы, өзгөчө кырдаалдар окуясына дайындалган товардык-материалдык баалуулуктардын корун сактоочу кампанын абалын көрүп чыкты.

Замирбек Аскаров издеп-куткаруу, чукул кырдаалдардын кесепетин жоюдагы аракеттердин натыйжалуулугу - материалдык-техникалык базанын камсыздалышына байланыштуу экенин баса белгилеп, бул багытта иш-аракеттер көрүлүп жаткандыгын билдирди.

Мындан сырткары Самаркандек айыл аймагынын Жаңы-Бак айылындагы № 31 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн жана Ак-Сай айыл аймагынын Ак-Сай айылындагы №106 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн имаратын куруу маселеси жеринен талкууланып, министр бул багытта да иш алып баруу бонча тиешелүү жетекчилерге тапшырма берди.

Пикир

Оставить комментарий