• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Министр Аскаров: Мага шылтоонун кереги жок, иштин жыйынтыгын айткыла

Коом 0

Бишкек, 12.05.20. /Кабар/. Күн мурун, 11-майда Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров КР ӨКМдин түзүмдүк, аймактык башкармалыктарынын жетекчиликтеринин катышуусунда кезектеги аппараттык кеңешмени өткөрдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдайт.

Кеңешмеде өлкөдөгү акыркы жумадагы өзгөчө кырдаалдар, күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайы, алдын алуу, издеп-куткаруу аракеттери, коронавирус илдетине каршы аракеттер тууралуу маселелер, министрликтин иш-планынын жана жетекчиликтин тапшырмаларынын аткарылышынын жүрүшү талкууланган.

“Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарын кыдырып чыктым, алдын алуу багытындагы жасалып жаткан жумуштарды өз убагында тийиштүү иш-чараларды аткарбасак, кайрадан сел жүрсө, калкыбызга материалдык чыгымдарды алып келиши мүмкүн. Буга чейин өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча берилген тапшырмаларды өз убагында аткарбаган жетекчилерге катуу чара көрүлөт. Чоң-Алай районунда алдын алуу иштеринин кечиктирилип жаткандыгын жеринен көрдүк. Мага эч кандай шылтоонун кереги жок, иштин жыйынтыгын айткыла”, - деп билдирген кеңешменин жүрүшүндө министр Аскаров.

Ошону менен бирге коронавирус илдетинине каршы жумуштарына багытталган акча каражаттарынын максаттуу пайдаланууну, иш-чараларга тартылган өздүк курамдын жеке коопсуздугуна өзгөчө көңүл бөлүү, өзгөчө кырдаал режиминде жогорку деңгээлде иш алып барууну жетекчилерге эскертти.

Пикир

Оставить комментарий