• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Министр Ажикеев АКШнын Монтана штатынын Улуттук гвардиясынын жетекчиси менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 28.09.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев АКШнын Монтана штатынын Улуттук гвардиясынын жетекчиси Питер Ронек, Орто Азиядагы борбордук комитетинин департаментинин башчысы Корт Олсон жана Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Министр Бообек Ажикеев жолугушуу учурунда эки тараптуу кызматташтыктын маанилүүлүгүнө токтолуп, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Монтана штатынын Улуттук гвардиясынын ортосунда түзүлгөн меморандум эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууну өнүктүрүүгө жаңы дем берерин белгиледи.

Ошондой эле ӨКМ башчысы АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу Кейджи Мурга жана Монтана штатынын Улуттук гвардиясынын командири Питер Ронекке коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

Генерал-майор Питер Ронек өз кезегинде өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюунун алкагында КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен АКШ өкмөтүнүн ортосундагы кызматташтыкттын жакшы нукта жүрүп жаткандыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий