• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Министр Бейшеналиев Араван районунун билим берүү мекемелерине барды

Билим 0

Бишкек, 01.04.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Ош областына болгон иш сапарынын алкагында Араван районундагы Т. Бекенов атындагы орто мектептин педагогикалык жамааты менен жолукту.

Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуу эркин форматта болуп, катышуучулар билим берүү тармагындагы көйгөйлүү маселелерди ачык талкуулашты.

Орто мектеп авариялык абалда, Алмазбек Бейшеналиев маселенин орчундуу экенин баса белгилеп, бир райондогу бир объектти бүтүрүү тизмесине коштурууну тапшырды.

Иш сапарынын алкагында министр Аравандагы №12 кесиптик лицейге, “Гүлбаар” балдар бакчасына да баш багып, алардын абалы менен таанышып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий