• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Министр билим берүү кызматкерлеринин социалдык абалын жакшыртуу маселесин талкуулады

Коом 0

Бишкек, 21.10.20. /Кабар/. КР билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Кыргызстандын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулов менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда билим берүү жана илим кызматкерлеринин социалдык абалын жакшыртуу маселелери талкууланды. Министр изилдөө жүргүзүп жаткан педагогдорду колдоо маселесине өзгөчө көңүл бурду.

Ошондой эле эмгек акыны эсептөөнү автоматташтыруу анын эффективдүү иштешин камсыз кылып, бюджеттик каражаттарды максатсыз жумшоолорго бөгөт кое турганы белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий