• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Министр Бообек Ажикеев Кахраманмараштагы куткаруучулардан кабар алды

Коом 0


Бишкек, 15.02.23. /Кабар/. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Түркияда жер титирөөнүн очогу болгон Кахраманмараш шаарында болду.

Ведомвтводон билдиргендей, министр Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев менен бирге мындагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу үчүн түзүлгөн атайын штабдын жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө жолугуп, издөө-куткаруу иштери менен таанышты.

Андан соң министр кыргыз куткаруучуларына бөлүнгөн 5 тилкеде эки нөөмөт менен иштеп жаткан өздүк курамдын абалын жана алардын ишин көрүп, ал жердеги жакындарын жоготкондорго көңүл айтты

Ошондой эле министр Бообек Ажикеев Кыргызстандан түрк элине жардамга берилген боз үйлөр шаарчасына барып, Вандык кыргыздар менен жолугушту.

Учурда бул жерде Кыргызстандан барган 200гө жакын куткаруучу издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүдө.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Түркияда зилзаланын кесепетинен каза болгондордун саны 31 миң 600 адамга жетти.

Пикир

Оставить комментарий