• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Министр Боронов базардагы өрттү өчүрүү иштерин өзү жетектеп жүрөт (сүрөт, видео)

Коом 0


Бишкек, 30.01.18 /Кабар/. Ош базардын аймагындагы өрттү өчүрүү жана куткаруу иштерин Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Кубатбек Боронов өзү жетектеп жүрөт. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 30-январында саат 09:48де алдын ала алынган маалымат боюнча Бишкек шаарындагы Ленин районунун Бейшеналиев менен Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги Сейтек базарында өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 09:48де КР ӨКМнин Ленин райондук №4 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, кошумча саат 09:55те КР ӨКМнин Ленин райондук №8 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, кошумча саат 09:55те КР ӨКМнин Октябрь райондук №5 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, кошумча саат 09:58де Ленин райондук №6 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, №3 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, жалпысынан 5 бөлүм тартылды.

Пикир

Оставить комментарий