• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Министр Ч.Айдарбеков ЕККУга мүчө өлкөлөрдү трансулуттук кылмыштар менен биргеликте күрөшүүгө чакырды

Коом 0

Бишкек, 06.12.19. /Кабар/. Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков ЕККУга мүчө өлкөлөрдү терроризм, диний экстремизм, баңгизаттардын мыйзамсыз соодасы, курал-жарак, миграция чөйрөсүндө трансулуттук кылмыштар менен биргеликте күрөшүүгө чакырды. Бул тууралуу министр 2019-жылдын 5-6-декабрында Словакиянын Братислава шаарында ЕККУга мүчө-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин Кеңешинин (ЕККУ ТИМК) 26-жыйынында билдирди, - деп кабарлайт министрликтин басма сөз кызматы.

Ошондой эле ЕККУ ТИМК жыйынында сөз сүйлөп жатып КР Тышкы саясий мекемесинин башчысы ЕККУнун принциптери менен милдеттенмелерин өлкө жактай тургандыгын тастыктады, ошондой эле КРнын улуттук кызыкчылыктарына жана өнүгүү приоритеттерине ылайык ЕККУ менен долбоордук-программалык кызматташууну күчтөндүрүүгө даярдыгын билдирди. Министр Ч.Айдарбеков ЕККУга мүчө 57 өлкөнүн делегацияларын 2020-жылы Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоолор өтөөрү тууралуу маалымдады жана ушуга байланыштуу өлкө жетекчилигинин ЕККУ байкоочуларын тартуу менен демократиялуу, адилеттүү жана ачык шайлоолорду өткөрүүнү камсыз кылуу чечкиндүүлүгүнө ишендирди.

Өлкө алдында турган биринчи кезектеги милдеттерге ылайык, Кыргыз Республикасы менен ЕККУнун кызматташтыгынын приоритеттүү багыттарын белгиледи. Атап айтканда, коррупцияга каршы күрөшүү, санариптик трансформациялоо, курчап турган чөйрө көйгөйлөрүн жана климаттын өзгөрүүсүнүн терс натыйжаларын чечүү, жашыл экономиканы илгерилетүү жана жалпысынан, туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүү.

ЕККУ мейкиндигиндеги активдүү жана көпкө созулган конфликттерди жөнгө салуу боюнча словак төрагалыгынын комплекстүү ишин белгиледи жана Албаниянын Тышкы иштер министри Гент Чакайды жооптуу миссияны – келерки жылы ЕККУга төрагалык кылуу миссиясын кабыл алышы менен куттуктады.

Пикир

Оставить комментарий