• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Министр Чолпонбаев коронавирус боюнча: Дүрбөлөң түшүүгө эч кандай себеп жок

Коом 0

Бишкек, 29.01.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев коронавируска байланыштуу кырдаал боюнча маалымат берди.

Ал маалымдагандай, Кыргызстанда бүгүнкү күндө коронавирус такталган учурлар катталган эмес, буга байланыштуу дүрбөлөң түшүүгө эч кандай себеп жок.

Министрдин сөзүнө таянсак, эпидемиологиялык кырдаал туруктуу. Өлкөдө жеке коргонуучу каражаттардын зарыл болгон камы жана вируска каршы дары каражаттары бар.

Белгилей кетсек, бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өклө аймагына коронавирустун киришине жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын жыйынын өткөрдү.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча бир катар конкреттүү тапшырмалар берилди. Абылгазиев эпидемиологиялык кырдаалга күн сайын мониторинг жүргүзүү жана Кытай Эл Республикасынан жана үчүнчү өлкөлөрдөн келген жактарды көзөмөлдөөнү тапшырылды.

Тышкы иштер министрлигине Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасынын аймагындагы жарандары менен иштөөнү күчтөндүрүү жана алардын укуктарын, саламаттыгын коргоо үчүн зарыл болгон жардамдарды көрсөтүү милдеттендирилди.

Пикир

Оставить комментарий