• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Министр Чолпонбаев: Паникага алдырбагыла, тартип болсо көп нерсени жеңебиз

COVID - 19 0

Бишкек, 18.03.20. /Кабар/. "Паникага алдырбагыла, тартип болсо көп нерсени жеңебиз", - деп баса белгиледи саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев.

Министрдин айтуусуна караганда, учурда Кыргызстан тиешелүү органдар менен тыгыз иштерди жүргүзүп жатат.

"Илдет катталган мамлекеттерден келип, оорунун клиникалык белгилери болсо, анда тез арада дарыгерге кайрылгыла. Сыртка чыкпай, өзүнчө бөлмөдө жатып, дарыгерди күтүш керек. Алгоритмге ылайык, врачтар иш алып барышат. Андан тышкары, тартип болуш керек. Тартип болсо көп нерсени жеңебиз. Илдет аныкталган Кытайда дагы бекем тартип болду. Колду самын менен жууп, антисептиктерди колдонгула. Зарыл болбосо көп адам жүргөн жерге барбоону сунуштайт элем", - деп баса белгиледи министр.

Ал билдиргендей, каникул учурунда балдарды эч жакка жибербөө керек.

"Каникул клуб же дагы башка жактарга баруу үчүн жасалган жок. Катташтарды убактылуу чектеп тургула", - деп билдирди министр.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталды. Алар Сауд Арабиясынан учуп келишкен.

Пикир

Оставить комментарий