• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Министр Чыңгыз Айдарбеков АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттигине барды

Саясат 0

Бишкек, 03.10.19. /Кабар/. КР Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Вашингтон шаарына болгон сапарынын алкагында АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттигинин (USAID) башкы кеңсесине барып, USAID өкүлдөрү менен жолугушту.

КР ТИМдин басма сз кызматы билдиргендей, тараптар Кыргызстандын USAID менен өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелерин, анын ичинде кыска жана узак мөөнөттүү мезгилдерге кызматташуу пландарын талкуулашты.

"Өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттары, АКШнын катышуусундагы регионалдык долбоорлордун ишке ашырылуусунун жүрүшү, ошондой эле КР менен АКШнын ортосундагы эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн башка маанилүү маселелери талкууланды", - деп айтылат маалыматта.

Кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө өз ара кызыкдарлык, ошондой эле күн тартибинин учурдагы маселелери боюнча үзгүлтүксүз негизде пикир алмашууга даярдык тастыкталды.

Пикир

Оставить комментарий