• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Министр Дипломатиялык академиянын студенттерине лекция окуду

Коом 0

Бишкек, 21.01.20. /Кабар/. 2020-жылдын 20-январында КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков КР ТИМ Дипломатиялык академиясынын профессордук-окутуучулук курамынын алдында сөз сүйлөп, студенттер менен угуучуларга лекция окуду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Лекциянын жүрүшүндө ТИМ башчысы министрликтин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарына токтолуп, КР тышкы саясатындагы жетишкендиктер жана приоритеттүү милдеттер тууралуу айтып берди.

Дипломатиялык академиядагы иш-чара маектешүү формасында өтүп, министр катышуучулардын суроолоруна жооп берди.

Пикир

Оставить комментарий