• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Министр эмне себептен мектептерге компьютерди берүү кечеңдеп жатканын түшүндүрдү

Билим 0

Бишкек, 28.11.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов түз эфирде жарандардын суроолоруна жооп берип жатып эмне себептен мектептерге компьютерди берүү кечеңдеп жатканын түшүндүрдү.

Мамбетакунов мектептерге эмеректер жеткирилгенин айтат.

Нет описания.

“Өлкө аймагындагы 1 миң 200 мектептин беш-алты мугалими мага күн сайын компьютер боюнча жазышат. Учурда компьютерлер бизге келип, ар бири текшерүүдөн өтүүдө. Анткени жиберип алып, анан иштебей калбасын деп көзөмөлдөп жатабыз. Бирок 1 миң 200 мектепке эмеректер барды, жакында 15 компьютер жиберилет. Мультимедиа кабинеттери болуп, интерактивдүү сабактарды өтүүгө шарт түзүлөт. Мындан сырткары, беш компьютер табигый илимдер предметтеринин кабинетине бир-бирден коюлат. Окуучулар жаңы жылды жаңы компьютерлер менен баштайт. Белгилей кетсем, информатика сабагынан берген мугалимдер ал кабинетти ээлеп албашы керек. Биолог, физик мугалими сабак бергиси келсе, тоскоолдук болбошу зарыл”, - дейт ал.

Министр ЮНИСЕФ уюму тарабынан дагы 100 мектепке 10-11ден компьютер берилерин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий