• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Министр Эрлан Абдылдаев Мальтанын ТИМ башчысы Ж.Веллой менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Саясат 0

Бишкек, 7-март /Кабар/. Кыргызстан-Евразия биримдигинин кызматташтыгы боюнча кеңештин 15-жыйынынын алкагында КР Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев ЕБ кеңешине төрагалык кылган Мальтанын Тышкы иштер министри Жордж Веллой менен жолукту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу жана көп тараптуу, андан тышкары ЕБдин алкагында кызматташтык маселелери талкууланды.

Тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдө эки тараптуу кызматташтыкты арттыруунун зарылдыгын белгилешти.

Мындан тышкары, министрлер эл аралык күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашышты.

Пикир

Оставить комментарий