• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Министр Иманалиев облустук медиа борборлордун жетекчилери менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 16.02.21. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев облустук медиа борборлордун жетекчилери менен жолукту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министр жолугушууда 2020-жыл ичинде пандемия шартында өз өмүрүн тобокелчиликке салып иш алып барган медиа борборлордун кызматкерлерине чыгармачылык ийгилик каалап, алардын аймакта иш алып баруусу жана жеткиликтүү маалымат менен камсыздоо алардын негизги милдеттеринин бири экендиги белгиленди.

Бүгүнкү күндө облустук медиа борборлор заман талабына ылайыкташып, мульти форматта иш алып баруунун үстүндө. Мындан улам, чыгармачылык жана техникалык кызматкерлердин тажрыйбасын жогорулатып туруу абдан маанилүү. Ар бир кызматкер өз ишине жоопкерчиликтүү болуу менен, медиа борбордун башка массалык маалымат каражаттарына арасында атаандаштыкты жеңе билүү ыкмаларын иштеп чыгуу керектигин билдирди. Ал үчүн медиаборборлордун контенти анда берилип жана чыгып жаткан ар бир эфирдин жана маалыматтын сапаты кылдаттык менен каралышы керектигин кошумчалады министр.

Мындан сырткары, 2021-жылы белгилене турган эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата атайын берүүлөрдү, мамлекеттүүлүктүн пайдубалын түзүүдө ролу бар инсандар тууралуу жана атайын рубрикаларды ачуу тапшырмаларын берип, зарыл болгон учурда тиешелүү маалыматтарды даярдоодо көмөк көрсөтүлө тургандыгы айтылды.

Эске салсак, бүгүнкү күндө өлкө боюнча Чүй, Ысык- Көл, Нарын, Баткен, Жалал- Абад, Талас жана Ош облусунда медиа борборлору бар.

Пикир

Оставить комментарий