• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Министр Иманалиев райондук жана шаардык маданият бөлүм башчылары менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 14.02.21. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев райондук жана шаардык маданият бөлүм башчылары менен жолугушту.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда учурдагы жасалып жаткан иш-аракеттер жана биринчи кезекте чечүүгө зарыл болгон маселелер каралып, бир катар тапшырмаларды берди.

Министр өз сөзүндө бардык бөлүм башчыларга өз милдеттеринин чегинде эффективдүү иш алып барууга, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын президенти тарабынан жарыяланган «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгын аткарууда алардын ролу жана орду чоң экендигин баса белгиледи. Мындан сырткары, жыйындын жүрүшүндө ар бир бөлүм башчыга аймактагы таланттуу жаштарды издеп таап, маданият адамдарын элеттен суурулуп чыгуусуна шарт түзүү үчүн сынактарды өткөрүү жана заман талабына ылайык иш алып баруу тапшырмалары берилди.

Эске алсак, министирликтин алдында 40 райондук жана 14 шаардык маданият бөлүмү бар. Өзүнүн ишмердүүлүгүндө аймактык бөлүмдөр Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын президентинин Жарлыгына жана буйруктарына, өкмөттүн токтомдоруна, министрликтин буйруктарына жана министрликтин аймактык бөлүмү жөнүндө Жобого ылайык иштерин алып барышат.

Пикир

Оставить комментарий