• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Министр Исаков: Орто кесиптик билим берүүнү толук модернизациялайбыз

Билим 0

Бишкек, 04.11.19. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков 1-ноябрда кесиптик орто билим берүү мекемелеринин башчылары менен жыйын өткөрдү, - деп маалымдайт ведомствонун басма сөз кызматы.

Билдирүүгө ылайык, министр катышуучуларга Кыргызстандагы кесиптик орто билим берүү тармагын заман талабына, келечек чакырыктарына жараша реформалоо боюнча өз программасын тааныштырган. Алгач тармактагы бир катар көйгөйлөр белгиленди: кесиптик орто билим берүү советтик системада калып кетип, эмгек рыногуна керектүү жана сапаттуу адистерди чыгара албай келет. Материалдык-техникалык базанын эскилиги жетип, мугалимдердин билимин жогорулатуу жагы жолго коюлган эмес.

Каныбек Исаков кесиптик орто билим берүү тармагын жакшыртуу үчүн отуздан ашык кадамдарды белгиледи. Анын ичинде маанилүүлөрү:

• заман талабына ылайык адистиктерди ачуу (өзгөчө IT, туризм, айыл чарба тармактарында);
• инфраструктураны жакшыртуу;
• эл аралык байланышты күчөтүү, инвестиция тартуу;
• заманбап менеджмент;
• электрондоштуруу аркылуу коррупциянын алдын алуу жана жетекчилерди ротациялоо;
• дуалдык, онлайн окутуунун бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу;
• бүгүнкү заманга жараша, жумуш берүүчүлөрдүн (стейкхолдерлердин) талабына ылайык адистерди даярдоо;
• компетенцияларга негизделген окуу стандарттарын, программаларын түзүү.

Жыйында Борбордук Азиядагы Америкалык университеттин инновациялык колледжи, Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжи мисал келтирилип, орто кесиптик билим берүү мекемелери жаштарды өзүнө тартып турган аурасы, күчү, дарамети болушу керектиги белгиленди.

Кыргызстанда азыр 148 орто кесиптик билим берүү окуу жайлары бар. Алардын 114ү - мамлекеттик. Учурда 98 миңден ашык студенттер билим алышат.

Пикир

Оставить комментарий