• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Министр Исаков Ош облусундагы билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен жолукту

Билим 0

Бишкек, 15.08.20. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Ош облусундагы билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен жолугуп, жаңы окуу жылына байланыштуу маселелерди талкуулады. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Исаков аралыктан окутууну уюштурууга министрлик толук кандуу даярданып жатканын, IV чейректеги дистанттык окутуунун артыкчылык жана кемчиликтери талданып, тиешелүү чечимдер кабыл алынганын билдирди.

Министрлик тарабынан жарыяланган "Санарип мугалим" бир айлыгынын алкагында педагогдорго окутууну дистанттык түрдө жүргүзүү ыкмалары, онлайн сабактарды даярдоо, мультимедиалык технологияларды колдонуу, окуучулар менен кайтарым байланышты уюштуруу, ата-энелер менен иш алып баруу боюнча вебинарлар өткөрүлүп жатканын министр белгилеп өттү.

Жыйындын соңунда Каныбек Исаков жетекчилердин суроолоруна жооп берди.

Пикир

Оставить комментарий