• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Министр Исаков шаардык жана райондук билим берүү жетекчилери менен онлайн конференция өткөрдү

Билим 0

Бишкек, 31.03.20. /Кабар/. Бүгүн, 31-мартта КР билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен онлайн видеоконференция өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Исаков мектептерде IV чейрек сабактарын дистанттык түрдө өткөрүү боюнча министрлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берип, билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерин мындай шартта жоопкерчиликтүү жана ыкчам иштөөгө чакырды.

“Азыр баарыбыз үчүн кыйын кырдаал түзүлдү. Бирок бул биз үчүн чоң мүмкүнчүлүктү да жаратууда. Дистанттык окутуу менен министрликтин, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин, директорлордун, мугалимдердин ишине баа берилет. Ошондуктан баарыңыздар ыкчам, жоопкерчиликтүү жана кылдаттык менен иш алып барууңуздар керек”, - деди Исаков.

Министр дистанттык окутуу үчүн видеосабактар 200дөн ашык мугалимдин катышуусунда кыргыз жана орус тилинде жазылып, билим берүү тиркемеси даярдалып жатканын айтты. Мындан сырткары билим берүү, өнүктүрүү каражаттары, электрондук ресурстар бир сайтка топтолуп, oku.edu.gov.kg порталына жүктөлүп жатканын белгиледи.

“Азыр 4-чейректе канча сабак калганы аныкталган. Жакынкы күндөрү сабактардын жадыбалы телеканалардан жана электрондук ресурстардан бериле баштайт”, - деп кошумчалады министр.

Онлайн жыйынга катышкан министрдин орун басары Надира Жусупбекова жана министрликтин Мектеп, мектепке чейин жана мектептен тышкаркы бөлүмүнүн башчысы Марат Усеналиев башка маселер боюнча толук маалымат беришти.

Пикир

Оставить комментарий