• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Министр Каныбек Исаков Нарындагы авариялык мектептин абалы менен таанышты. Сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 14.10.19. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков жумуш сапары менен Нарын облусунда болду, - деп билдирет аталган министрликтин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, алгач министр Нарын облусундагы Казаалы Абиров атындагы орто мектебине барган. Кырдаалга карата түзүлгөн шарттар менен таанышып, жаңы мектеп салына турган жер аянтын көрүп, курулушту тездетүү боюнча мүмкүнчүлүктөр караларын белгилеген.

Жолугушууда министр мектеп жамаатына окуу процесске колдонуу үчүн 4 ноутбук, окуучуларга пайдалуу окуу жана адабий китептерди белекке берген.

"Андан тышкары, октябрдан тарта мугалимдердин айлык акысы 30%га көтөрүлгөндөн кийин К. Абиров мектебиндеги ар бир педагог канча маяна ала турганы боюнча да маалымат берди. Аталган мектепте жалпы 162 окуучу билим алат. 21 мугалим жана 8 көмөкчү кызматкер эмгектенишет", - деп кошумчалашты министрликтен.

Андан кийин министр Нарын шаарындагы №87 кесиптик лицейге барган. Окуу процесси, окуучулардын сабакка катышуусу, окуу өндүрүштүк базасы, лаборотария, цех, окуучулардын тамактануусу менен жеринде таанышып, мугалимдер менен пикир алышты.

Пикир

Оставить комментарий