• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Министр Казакбаев бир катар мамлекеттердин элчилеринен ишеним баракчаларын кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 11.08.21. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри бир катар мамлекеттердин элчилеринен ишеним баракчаларын кабыл алды, - деп билдирет КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Алсак, 2021-жылдын 10-августунда Руслан Казакбаев Вьетнам Социалисттик Республикасынын элчиси Нгуен Тхи Хонг Оаньдын ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды.

Министр Казакбаев элчи Нгуен Тхи Хонг Оаньды Кыргыз Республикасындагы элчи кызматына дайындалышы менен куттуктап, ардактуу миссиясында ийгиликтерди каалады.

Вьетнамдын жаңы элчисинин дайындалышы менен кыргыз тарабы кыргыз-вьетнам мамилелерин өнүгүшүн жана андан ары активдешүүсүн байланыштырарын белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий диалогду активдештирүү, эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташууну, соода-экономикалык байланыштарды жана укуктук-келишимдик базаны кеңейтүү боюнча эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулашты.

Кыргызстан менен Вьетнамдын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгынын алдында тараптар кыргыз-вьетнам мамилелерин жаңы баскычка, анын ичинде жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги визиттер менен алмашуу аркылуу көтөрүүнүн мындан аркы пландарын белгилешти.

Ошондой эле министр Казакбаев Камбоджа Королдугунунэлчиси Мис Ким Хенгдин Ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар түрдүү тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты түзүү жана өнүктүрүү, укуктук базаны кеңейтүү маселелери боюнча пикир алмашышты, ошондой эле эл аралык аренада, атап айтканда, БУУнун алкагында эки өлкөнүн өз ара аракеттенүү келечегин талкуулашты. Өз кезегинде министр Казакбаев Камбоджанын элчисине кайрылып, 2023-2025-жылдары БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине Кыргыз Республикасынын талапкерлигин колдоо өтүнүчү менен кайрылды.

Жолугушуунун аягында КР ТИМ башчысы Казакбаев Камбоджанын вице-премьер-министри, тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Прак Сокхонду Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Андан тышкары, Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысы Руслан Казакбаев Нур-Султан шаарында жайгашуусу менен Египет Араб Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Манал Эльсайед Ехия Эльшиннавинин ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды.

Маектешүүнүн жүрүшүндө Казакбаев Египеттин элин Хижрий күнү (мусулман календары боюнча жаңы 1443-жыл) менен куттуктады жана Кыргыз Республикасы Египет Араб Республикасы менен өз ара кызматташуунун ар кандай чөйрөсүндөгү кызматташтыкты өнүктүрүүгө умтула тургандыгын ЕАР элчисин ишендирди.

Пикир

Оставить комментарий