• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Министр Казакбаев ЕБнын Борбордук Азиядагы атайын өкүлү Тери Хакала менен телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 02.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 2-сентябрында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Европа Биримдигинин Борбордук Азиядагы атайын өкүлү Тери Хакала менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министр Казакбаев европалык дипломатты жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, мурда кабыл алынган ар тараптуу өнүгүү жана эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө курсунун уланышына үмүтүн билдирди.

Бул контекстте тараптар үстүбүздөгү жылы эки тараптуу жогорку деңгээлдеги сапарларга байланыштуу маселелерди, ошондой эле Бишкекте 2021-жылдын 5-ноябрында өтө турган биринчи Европа Биримдиги - Борбордук Азия экономикалык форумуна биргелешип даярдык көрүүнү талкуулашты.

Атайын өкүл Хакала Брюсселдин Европа Биримдиги менен Кыргызстандын ортосундагы өнөктөштүктү кеңейтүүгө даярдыгын ырастады, өз ара сапарларды уюштуруу пландарын кубаттады жана Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата куттуктоосун жеткирди. Т. Хакала Кыргыз Республикасы менен Евробиримдиктин ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюуну тездетүүгө көмөктөшөрүнө ишендирди.

Чоң жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жана башка жардам көрсөтүү сыяктуу Ооганстандагы кырдаалдын айланасындагы маселелер өзүнчө талкууланды. Европа тарап кыргыз бийлигинин афгандык студенттерге өлкөнүн жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн 500 виза берүү чечимин кубаттады.

Пикир

Оставить комментарий