• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Министр Казакбаев Энергетика боюнча жогорку деңгээлдеги диалогго катышты

Саясат 0

Бишкек, 25.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 24-сентябрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын аянтчасында Энергетика боюнча жогорку деңгээлдеги диалог өткөрүлдү. Бул тууралуу КР ТИМдин маалымат кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, иш-чарага БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын президенти Абдулла Шахид, ПРООНдун администратору Ахим Штайнер, ошондой эле мамлекет жана өкмөт башчылары, БУУга мүчө мамлекеттердин ар кандай министрликтеринин жетекчилери катышты.

Кыргыз Республикасынын атынан тышкы иштер министри Руслан Казакбаев катышты, ал өз сөзүндө туруктуу энергетиканы, анын ичинде Туруктуу өнүгүүнүн №7 максатына жетишүүнүн алкагында өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын туруктуу аз көмүртектүү өнүктүрүү жана жашыл экономиканы курууну карманаарын ырастады.

Тышкы иштер саясий ведомствонун башчысы Кыргызстанда чоң жана кичи ГЭСтерди куруу боюнча бир катар долбоорлорду этап этабы менен ишке ашыруу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын киргизүү жана колдонуу боюнча зарыл шарттарды түзүү үчүн улуттук мыйзамдарды жакшыртуу тууралуу маалымат берди.

Борбордук Азиядан Түштүк Азияга электр энергиясын экспорттоо боюнча “CASA-1000” долбоору сыяктуу трансрегионалдык инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча долбоорлорду илгерилетүүгө жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бирдиктүү энергетикалык рыногун түзүү боюнча ишинде кыргыз тараптын кызыкдарлыгы баса белгиленди.

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри эл аралык өнөктөштөрдү суу-энергетикалык секторунда, анын ичинде мамлекеттик жеке өнөктөштүк принциптеринде өз ара пайдалуу кызматташууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий