• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Министр Казакбаев менен элчи Ду Дэвэнь кыргыз-кытай кызматташтыгын чыңдоону талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 14.12.21. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту, - деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-кытай кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Тараптар өтүп жаткан жылы өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээлин, ошондой эле Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгынын алдында (2022-жылдын 5-январы) алдыда боло турган биргелешкен иш-чараларды белгилешти.

КР менен КЭР ортосундагы жүк ташуу маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Бул контекстте министр Түштүк Кореядан Кыргызстанга бара жаткан Кытайдын Циндао жана Ляньюньган деңиз портторунда Кыргыз Республикасынын ишкерлеринин товарларын ташуудагы кыйынчылыктар тууралуу маалымат берди. Буга байланыштуу кытай тарапка бул кырдаалды тез арада жөнгө салууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү билдирилди.

Министр Р. Казакбаев Кыргызстан тоолуу мамлекеттердин кызыкчылыктарын жигердүү илгерилетип жатканын билдирди. КР БУУга мүчө болгон жылдары тоолуу аймактардын көйгөйлөрүнө дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурууга, туруктуу өнүгүүсүнө жардамдарды тартууга, алардын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана мамлекеттердин өзүнчө тобу катары беделин бекемдөөгө багытталган бир катар глобалдык иш-чараларды өткөрдү.

Буга байланыштуу Кыргызстан 2022-жылды "Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы” деп жарыялоо жөнүндө БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын резолюциясын кабыл алуу демилгесин көтөрдү. Ушуга байланыштуу кытай тарапка бул резолюциянын долбоорун биргелешип демилгелөө өтүнүчү менен кайрылды.

Өз кезегинде Кытай элчиси кытай тарап бул маселе боюнча кыргыз тарапты колдой турганын жана 2022-жылды "Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы" деп жарыялоо боюнча резолюция долбоорунун тең демөөрчүсү экенин билдирди.

Тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн эки тараптуу мамилелерин мындан ары чыңдоо үчүн бардык деңгээлдеги активдүү практикалык өз ара аракеттенүүнү улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий