• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Министр Казакбаев ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 01.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 1-сентябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Станислав Зась менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө адаттагыдай достук жана ишенимдүү маанайда ЖККУнун потенциалын жакшыртуу жана чыңдоо, ошондой эле уюмдун учурдагы ишмердүүлүгүнүн башка маселелери боюнча кылдат пикир алмашуу болду.

С. Зась ЖККУнун жооптуу аймагындагы абал жана ушул жылдын сентябрь айында Душанбе шаарында өткөрүүгө пландаштырылган ЖККУнун Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин, Коргоо министрлеринин кеңешинин жана Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына даярдыктардын жүрүшү тууралуу маалымдады.

Өз кезегинде Р. Казакбаев Кыргызстан эки тараптуу кызыкчылыктарды эске алуу менен ЖККУнун алкагында бардык тармактар боюнча эффективдүү жана өз ара пайдалуу кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий