• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Министр Казакбаев ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 23.10.20. /Кабар/. Кечээ, 22-октябрда Москва шаарында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Станислав Зась менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушууда региондогу жана жалпы дүйнөдөгү кырдаалга терс таасирин тийгизген маселелер, ошондой эле ЖККУнун алкагында өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттары боюнча талкуу болду.

КРнын тышкы саясий ведомствонун башчысы Казакбаев Кыргыз Республикасындагы ички саясий кырдаалдын турукташуусу жөнүндө кыскача маалымат берип, болуп жаткан саясий процесстер укуктук талаага кайтып келгендигин белгиледи.

Казакбаев менен Зась ЖККУ форматындагы тышкы саясатты координациялоо жана Жамааттык Коопсуздук Кеңешинин алдыдагы сессиясын даярдоо маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий