• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Министр Кочкоров Баткен шаарынын жана Баткен районунун эли менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 08.01.19. /Кабар/. Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров Баткен шаарынын жана Баткен районунун эли менен жолукту.

Аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууга өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тийиштүү мекеме жетекчилери да катышкан.

Алгач, министр Улукбек Кочкоров учурдагы социалдык маселелер боюнча кеңири маалымат берип, элдин суроолоруна жооп берди.

Ал өз сөзүндө ар дайым бир адамдын кароосуна муктаж болгон 18 жашка чейинки, оор майыптуулуктугу бар баласы бар ата-энелер 2019-жылдын 1-январынан тарта камкорчу катары айлык акы алып баштаарын маалымдады.

Ошондой эле жөлөкпул алуудагы шарттарды жеңилдетүү аракеттери, социалдык жактан муктаждардын жашоосун жеңилдетүүгө багытталган мамлекеттик программалар, аларга тийиштүү болгон мамлекеттик жеңилдиктер менен колдоолор тууралуу кеңири маалымат берди.

Пикир

Оставить комментарий