• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Министр Кулубаев Азербайжандын элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 04.10.22./Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Азербайжандын элчиси Латиф Гандиловду кабыл алды.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кыргыз-азербайжан эки тараптуу мамилелеринин маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

«Жолугушууда ошондой президент Садыр Жапаровдун ушул жылдын 19-20-апрелинде Азербайжанга болгон расмий иш сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү, жана алдыдагы жогорку деңгээлдеги сапарлар талкууланды», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий