• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Министр Купешев Тоңдогу авариялык абалдагы мектептин имараты менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 18.06.21. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Тоң районунун Тогуз-Булак айылындагы Т. Мырзамамбетов атындагы мектепке барды.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, авариялык абалдагы окуу корпусу жана жаңы имараттын курулушу менен таанышып чыккан соң бул мектептин эски жана жаңы имараттарынын курулушуна байланыштуу бардык документтерге инвентаризация жасоо зарыл экенин билдирди.

Министр эски имаратты капиталдык оңдоодон өткөрүп, билим берүү жаатында максаттуу пайдалануу жагын карап көрүү керектигин кошумчалады.

Министрдин белгилешинче, билим берүү уюмдарынын ишинде шалаакылыкка, кайдыгерликке жол берилбеши керек, эгерде ошондой фактылар аныкталса, күнөөсү барлар КР мыйзамдарына ылайык тийиштүү жазасын алышы абзел.

Белгилей кетсек, аталган мектептин эски имараты 2005-жылы колдонууга берилген, бирок курулуш иштери сапатсыз жүргүзүлгөн деген негизде 2015-жылы авариялык деп табылып, колдонууга тыюу салынган.

Натыйжада жаңы имарат курууга тендер жарыяланып, жеңүүчү аныкталган. Бүгүнкү күндө республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттын эсебинен жаңы окуу корпусунун фундаменти куюлуп, спорт залынын дубалы тургузулган.

Пикир

Оставить комментарий