• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Министр Купешев Ысык-Көл облусундагы билим берүү уюмдарын кыдырууда

Билим 0

Бишкек, 17.06.21. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барып, билим берүү уюмдарын кыдырууда.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 16-июнда министр Балыкчы шаарындагы мектептерге жана кесиптик лицейлерге барып, жетишкендиктер жана көйгөйлөр менен жеринен таанышты.

Шаардагы Лев Толстой атындагы 1-гимназияда өткөн жолугушуу маалында министр донордук уюмдар жана жеке меценаттар менен тыгыз кызматташуунун натыйжасында билим уясын заманбап шарты бар окуу жайга айланта алган мыкты жетекчилердин эмгегине токтолуп, ийгиликтүү мектептердин тажрыйбасын республика боюнча жайылтуу керектиги тууралуу айтты.

"Жогоруда белгилеп кеткендей, шаардын билим берүү уюмдарынын жетишкендиктери менен катар көйгөйлөрү да жок эмес. Негизги көйгөйлөрдүн бири - курулуш объекттерин каржылоо маселеси. Министрдин айтымында, билим берүү тармагына тиешелүү бардык курулуш объекттери өзгөчө көзөмөлгө алынат, республикалык бюджеттен каржылануучу объекттердин курулушун куруу иштерин жандантуу жана эртерээк бүткөрүү боюнча министрлик тарабынан бардык аракеттер жасалат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий