• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Министр: Кыргызстан россиялык кесиптештеринен коронавирусту аныктай турган атайын реагенттерди алды

Ден соолук 0

Бишкек, 04.02.20./Кабар/. Кыргызстандык медиктер россиялык кесиптештеринен коронавирусту бир нече сааттын ичинде аныктай ала турган атайын реагенттерди алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев коронавирустун өлкөгө киришинин алдын алуу жана өлкө аймагында жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги отурумунда билдирди.

Штабдын отурумунда КР вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова билдиргендей, бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирусту жуктуруу фактысы ырасталган жок. Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаал туруктуу.

Жыйындын жүрүшүндө Саламаттык сактоо министри маалымдагандай, Ухандан келген жарандар атайын текшерүүдөн өтүп жатышат. Ошондой эле Чолпонбаев кошумчалагандай, Кытай Эл Республикасында аталган илдеттен каза болгондорго караганда сакайып кеткендердин саны көп.

Жыйында КРнын мамлекеттик чек арасы аркылуу санитардык-карантиндик пункттардагы, Манас жана Ош аэропортторундагы көзөмөлдү күчөтүү боюнча кошумча чараларды кабыл алууга керектиги белгиленген.

Андан тышкары, жыйындын жүрүшүндө дарыканалар тутумунун үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу жана коргоочу жеке каражаттардын (бет каптар), вируска каршы дары-дармектердин баасынын жогорулашын, аларды кымбаттаган наркта кайра сатууну алдын алуу үчүн мониторинг жүргүзүү керектиги тууралуу айтылды.

Пикир

Оставить комментарий