• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Министр Мирзахмедов Аксы, Ала-Букада кооптуу аймактарды көрүп, тиешелүү чечимдерди кабыл алууда – фото

Коом 0

Бишкек. 02.05.19 /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов Жалал-Абад облусунун Аксы, Ала-Бука райондорунда иш сапарда жүрөт.

Иш сапардын алкагында министр Аксы районунун Акжол айыл аймагынын Чалма участкасындагы жер астынан чыккан суулар кооптуулук жараткан жерди көрүп, ачык типтеги дренаж казып чыгуу зарылчылык бар экенин белгилеп, ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгына тийиштүү иш алып барууну тапшырды. Аталган участокко жергиликтүү бийликтен техника тартылып, ал эми министрликтен күйүүчү-майлоочу каражаттар бөлүнүп бериле турган болду.

Андан соң, Министр Кара-Суу айыл аймагынын Топ-Жангак участкасындагы Кожо-Ата дарыясынан автоунаалар өтүүчү көпүрөнүн абалы менен таанышып, көпүрөнү оңдоо иштерине техникага күйүүчү-майлоочу майларды бөлүп берүүнү, ошондой эле дарыянын оң жээгин бекемдөө иштерин жүргүзүүнү ӨКМдин тиешелүү башкармалыктарынын башчыларына тапшырды.

Мындан тышкары, Кызыл-Туу айыл аймагынын Жылгын айылындагы Кожо-Ата дарыясын бойлой жайгашкан турак жайларга кооптуу болгон участкаларын карап, Министр КР ӨКМдин “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” агенттигинин директору Сапарбек Бакыевге тосмо куруу иштери боюнча проект түзүп, ӨКМдин 2020-жылдагы алдын алуу иш-чараларын мерчемине киргизүүгө сунуштоо боюнча тапшырма берди.

Андан ары, Министр Нурболот Мирзахмедов Аксы районундагы Авлетим айыл аймагынын Итагар дарыясындагы кооптуу жээктерге дамба курууга техника жана күйүүчү май бөлдүрүп берүү боюнча Министрликтин тиешелүү башкармалыктарынын башчыларына тапшырма берди.

Иш сапардын соңунда КР ӨКМнин Ала-Бука райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №73 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн абалы менен жеринен таанышып, өздүк курам менен баарлашып келди.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 30-апрелинен баштап Министр Жалал-Абад облусунун аймагындагы сел, суу ташкындары, жер көчкү болуп кетүү кооптуулугу бар аймактарды кыдырып, аткарылып жаткан жумуштарды жеринен көзөмөлдөп, тиешелүү чечимдерди кабыл алуу жана кооптуу аймакта жашап жаткан жарандар менен жолугуу үчүн иш сапарда жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий