• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Министр Мирзахмедов Базар-Коргон районундагы коопту аймактарды кыдырууда – фото

Аймак 0

Бишкек. 30.04.19 /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов Базар-Коргон районундагы коопту аймактарды кыдырып, оперативдүү түрдө аткарыла турган иштер боюнча тиешелүү тапшырмаларды берүүдө.

Министр Кызыл-Ай айылындагы 2018-жылы ӨКМ тарабынан жасалган жээк бекемдөө иштерин карап чыкты.

Андан соң Көкчө-Көз айылындагы жыл сайын суу ташкынында жуулуп жаткан Кара-Үңкүр дарыясынын оң жээгиндеги табигый жээкти жеринде карап чыгып, ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Абулнасир Закировго аталган участокту жеке көзөмөлгө алып, министрликтин алдын алуу иштеринин мерчемине киргизип, жумуш жүргүзүүнү тапшырма берди.

Андан соң министр Базар Сай-Коргон участкасындагы №6 коргоочу тосмонун абалы менен таанышты, учурда аталган тосмонун 160 м авариялык абалга келген. Министр аталган участокту ӨКМдин алдын алуу иш-чаралардын 2020-жылдагы план-прогнозуна киргизүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, Мирзахмедов Чоң-Ак-Булак айылындагы жылып жаткан жер көчкүнү жерине барып көрүп, министрликтин тиешелүү аймактык жана түзүмдүк жетекчилерине коопту аймакта жашап жаткан тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү жана зарыл учурда коопсуз жайга чатырларды тиктиртип, убактылуу тургундарды көчүрүүнү тапшырма берди.

Эскерте кетсек, бүгүн Мирзахмедов Жалал-Абад облусунда иш-сапары менен жүрөт. Ошондой эле облустун башка региондоруна 2-3-май күндөрү министрдин баруусу мерчемделүүдө.

Пикир

Оставить комментарий