• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Министр Мурашев: Кытайга экспорттун көлөмүн жогорулатууга аракет кылып жатабыз

Коом 0

Бишкек. 10.04.19 /Кабар/. Быйылкы жылдан баштап Кытайга экспорттун көлөмүн жогорулатууга аракет кылып жатабыз. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Девень менен жолуккан учурда билдирди.

Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы айыл чарба багытында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Кытай элчиси айыл чарба багытындагы агро өнөр жай тармагында кызматташуу келечектүү экенин билдирди.

Министр Нурбек Мурашев өз сөзүндө, Кытай жана Кыргызстан мамлекеттеринин ортосундагы айыл чарба азыктарын ташуу үчүн транспорттук байланышты өнүктүрүп, жашыл коридор түзүү керектигин баса белгиледи. Ошондой эле өлкөнүн айыл чарба азык түлүктөрү экологиялык жактан таза экенин Кытай тарап билишет жана баалашат.

"Биз 2018-жылы Кытай тарап менен келишим түзүп, кокон гилас, коон сыяктуу продукцияларыбыз Кытайга жөнөтүлгөн. Быйылкы жылдан баштап экспорттун көлөмүн жогорулатууга аракет кылып жатабыз" – деди министр Мурашев.

Эки тарап жолугушуунун аягында айыл чарба боюнча долбоорлорду, азык-түлүктөрдү кайра иштетүү өндүрүшүн жана комплекстүү ветеринардык жана фитосанитардык лабораториянын курулушун кененирээк талкуулоону макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий