• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Министр Ниязбековдун катышуусунда Талас РИИБнин милициянын аймактык пункту ачылды

Аймак 0

Бишкек, 29.08.21./Кабар/. 2021-жылдын 29-августунда Талас районунун "Суусамыр-Талас-Тараз" унаа жолунун 69-чакырымында жайгашкан райондук ички иштер бөлүмүнүн милициянын аймактык пункту ачылды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул иш-чаранын ачылыш аземине ички иштер министри Улан Ниязбеков, орун басары Октябрь Урмамбетов жана тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, андан тышкары, Талас облусунун башчысы Бакытбек Нарбеков, Талас ОИИБдин начальниги Марлис Асанов, "Алтын Альянс" компаниясынын өкүлдөрү, Бекмолдо айыл өкмөтүнүн жергиликтүү тургундары жана Талас РИИБнин начальниги Артур Иманбеков өздүк курамы менен катышты.

Министр Улан Ниязбеков “Бакубат Талас” өнүктүрүү фондуна Талас милициясына кошкон салымы, көрсөткөн жардамы жана кызматташтыгы үчүн терең ыраазычылыгын билдирди. Себеби, кылмыштуулук менен күрөшүүдө милициянын ишмердүүлүгүн жакшыртуу максатында Алтын Альянс компаниясы негиздеген “Бакубат Талас" фонду аталган милициянын аймактык пунктунун курулушуна 1 миллион 161 миң сом акча каражатын бөлүп берген. Бул аймактык пункт күнү-түнү иштеп Бекмолдо, Айдаралиев жана Осмонкулов айыл өкмөттөрүнүн калкын тейлейт. Анда жарандарды жана Таластын конокторун кабыл алуу, коомдук коопсуздукту камсыздоо жана жарандардын укуктарын коргоо боюнча заманбап жардамдарды көрсөтүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Бул пунктта милиция кызматкерлери күнүгө иштеп, өздөрүнө ыйгарылып берилген кызматтарын аткарышат.

Пикир

Оставить комментарий