• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Министр Руслан Казакбаев Душанбеде өткөн ЖККУнун кезектеги жыйынына катышты

Саясат 0

Бишкек, 19.05.21. /Кабар/. Бүгүн, 19-майда Душанбеде (Тажикстан) Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун (ЖККУ) тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы кабарлайт.

Жолугушуунун катышуучулары эл аралык жана регионалдык кырдаалдын абалы жана өнүгүү келечектери жана анын ЖККУга мүчө мамлекеттердин коопсуздугуна тийгизген таасири, анын ичинде Афганистандан америкалык аскер контингенти чыгып кеткенден кийинки кырдаалды өркүндөтүү боюнча ар тараптуу пикир алмашышты.

ЖККУ менен КМШ, ШКУ, ошондой эле башка эл аралык уюмдардын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо, ЖККУ Өнөктөш жана ЖККУнун астындагы Байкоочу институттарын өнүктүрүү маселелери талкууланды. Биологиялык коопсуздукту камсыз кылуучу ишенимдүү тутумду түзүү максатында ЖККУга мүчө мамлекеттердин ишмердүүлүгүн координациялоого өзгөчө көңүл бурулду.

Руслан Казакбаев өз сөзүндө 2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында орун алган куралдуу жаңжалдын гуманитардык кесепеттерин жоюу үчүн Кыргыз Республикасына зарыл болгон жардамды берүүгө даяр экендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Министр Кыргызстан эли көп кылымдар бою жанаша жашаган достук мамиледеги элдердин ортосунда болуп өткөн кайгылуу окуяларды жүрөгү сыздап, терең кайгыруу менен башынан өткөрүп жаткандыгын белгиледи.

Кыргызстандын Тышкы саясий ведомствосунун башчысы биринчи күндөрдөн тартып Кыргыз Республикасы туруктуулукту жана ишенимди калыбына келтирүү үчүн стол үстүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен саясий жана дипломатиялык каражаттарды колдонуп, тынчтык жолу менен гана чыр-чатакты жөнгө салууга бардык күч-аракетин жумшагандыгын баса белгиледи. Натыйжада, көп сандаган курмандыктарга учураган жана Борбордук Азия чөлкөмүндөгү кырдаалды туруксуздаштырган чыр-чатактын андан ары курчушуна жол бербөөгө мүмкүн болду.

Министр мамлекет башчысы мындан ары чыр-чатактарды болтурбоо үчүн коңшу же аралаш айылдарда жашаган эки тараптын аксакалдарынан турган Тынчтыкты коргоо комиссиясын түзүү жөнүндө сунуш киргизгенин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын президентинин «Баткен районундагы чек ара айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» Жарлыгына кол коюлганын, ага ылайык, Баткендеги жабыркаган айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөнүн белгиледи.

Жамааттык Коопсуздук Келишимине ылайык, катышуучу - мамлекеттер мамлекеттер аралык мамилелерде күч колдонуудан же коркутуудан алыс болушу керектигин жана ЖККУнун түпкү максаттарына жетүүдө саясий жана дипломатиялык жолдорго артыкчылык берилип, өздөрүнүн ортосундагы жана башка мамлекеттердин ортосундагы бардык пикир келишпестиктерди тынчтык жолу менен чечүү керектигин баса белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө кыргыз тарабынын демилгеси менен ЖККУга мүчө мамлекеттердин чек ара аймактарында чыр-чатактарга жол бербөө боюнча тараптардын жетишилген келишим жана ниеттерин чагылдырган чек ара райондорунда ишенимди бекемдөө жөнүндө ЖККУнун тышкы иштер министрлеринин Биргелешкен билдирүүсүнүн долбоору киргизилди.

ЖККУнун ТИМКнин жыйынынын алдында тышкы иштер министрлерди ЖККУнун жамааттык коопсуздук кеңешинин төрагасы, Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон кабыл алды. Ал тажик тарабы ЖККУга мүчө мамлекеттердин кызматташуусуна артыкчылыктуу маани берерин белгилеп, алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн биргелешкен аракеттерди улантуу зарылдыгын белгиледи.

ЖККУнун ТИМКнин жыйынынын алкагында саясий жана аскердик чөйрөлөрдө, заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу тармагында жамааттык коопсуздук тутумун андан ары өнүктүрүүгө байланыштуу 8 документке кол коюлду.

Ошондой эле Тышкы иштер министрлер ЖККУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин Нюрнбергдеги Эл аралык аскер трибуналынын сотунун 75 жылдыгына жөнүндө, Биологиялык жана токсиндик куралга тыюу салуу боюнча конвенцияны күчөтүү, ЖККУнун мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен кызматташуусу жөнүндө кызматташуу жөнүндө биргелешкен билдирүүлөрүн, ошондой эле Россия Федерациясы менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы 2010-жылдын 8-апрелиндеги Стратегиялык чабуул коюуучу куралдарды андан ары кыскартуу жана чектөө чаралары жөнүндө келишимдин узартылышына байланыштуу ЖККУнун тышкы иштер министрликтеринин башчыларынын билдирүүсүн кабыл алышты.

Тышкы иштер министрлеринин кеңеши саясий, аскердик кызматташтык жана чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу багытында өткөрүлүүчү 2021-жылдын экинчи жарымында - 2022-жылдын биринчи жарымына карата белгиленген тышкы саясат, коргонуу жана коопсуздук боюнча консультациялардын Планын жактырды.

Ошондой эле 2022-жылы Жамааттык Коопсуздук Келишиминин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы жана ЖККУнун түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгы белгилене тургандыгына байланыштуу, ар кандай иш-чараларды өткөрүүнү караган мааракелик иш-аракеттердин планы жактырылды.

Мындан тышкары, ТИМКи ЖККУга мүчө мамлекеттердин аймактарында жамааттык коопсуздук системасынын күчтөрүнүн жана каражаттарынын убактылуу болушуна байланыштуу юрисдикция жана юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө Макулдашуунун долбоорун жактырды.

Тараптар ЖККУга мүчө мамлекеттердин мындан аркы өз ара кызыкчылыктарды туудурган бардык тармактардагы өз ара аракеттенүүсүн улантууга макулдашышты.

Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйыны Жамааттык Коопсуздук Кеңешинин 2021-жылдын 4-кварталында Тажикстанда өтүүчү сессиясынын алдында өткөрүү пландаштырылды.

Пикир

Оставить комментарий