• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Министр Руслан Казакбаев Улуу Британиянын элчиси Чарльз Гарретт менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 24.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 24-февралда КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Улуу Британиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Чарльз Гарретт менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Улуу Британиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Атап айтканда, КР тышкы иштер министри Р.Казакбаев буга чейин британ тарабынын кароосуна сунушталган эки тараптуу макулдашуулардын долбоорлоруна, 2022-2025 жылдары КР менен Улуу Британия ортосундагы кызматташуу боюнча Жол картасынын долбооруна британ тараптын жоопторун берүүнү тездетүү өтүнүчү менен кайрылды.

Мындан тышкары, тараптар Украинадагы кырдаалды талкуулашты. Министр Р.Казакбаев Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Ч.Гарретти Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча билдирүүсү тууралуу маалымат берди, анда пайда болгон кырдаалдарды тынчтык, дипломатиялык жол менен жөнгө салуу зарылдыгы белгиленген.

Ушуга байланыштуу бүгүнкү окуяларды эске алуу менен, биз тезирээк деэскалацияны, чыр-чатакты тынчтык жолу менен чечүүнүн жолдорун издөөнү кайра баштоону жана чыр-чатакты сүйлөшүүлөр аркылуу, саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүүнүн зарылдыгын жактай тургандыгыбыз белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий