• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Министр санитардык-карантиндик пункттарда иштеп жаткан дарыгер айымдарды майрамы менен куттуктады

Коом 0

Бишкек, 07.03.20. /Кабар/. Бүгүн, КР саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 7-март күнү Аялдардын эл аралык күнүнө карата Санитардык-карантиндик пункттарда иштеп жаткан дарыгер айымдарды майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, министр республика аймагындагы бардык санитардык-карантиндик пункттардын, убактылуу обсервация жайларынын, анын ичинде Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасындагы обсерватордун абалы менен таанышып чыгып, бир айдан ашык убакыттан бери өз өмүрүн тобокелге салып, калк саламаттыгынын коопсуздугун камсыздоо үчүн күнү-түнү күзөттө турган дарыгер айымдарды кирип келген эл аралык майрамы менен куттуктап, өз ишин так жана чоң жоопкерчилик менен аткарып жаткандары үчүн ыраазычылык билдирген.

"Элибиздин саламаттыгына кам көрүп, эс алуу, майрам күндөрүнө карабай иштеп жатканыныздарга ыраазычылык билдирем. Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалайм", - деген ал.

Андан тышкары, ал бардык жооптуу адистерге тыкыр санитардык көзөмөл жүргүзүүнү улантып, Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам чара көрүү штабы менен үзгүлтүксүз байланышта болуп турууга көрсөтмө берген.

Эске салсак, 2020-жылдын 7-мартына карата республиканын аймагында коронавирусту жуктуруп алган бир дагы учур катталган эмес.

Пикир

Оставить комментарий