• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Министр Улан Исраилов КЭРдин коомдук коопсуздук министринин орун басары менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 23-февраль /Кабар/. Бүгүн, 23-февралда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Исраилов Кытай Элдик Республикасынын коомдук коопсуздук министринин орун басары Ли Вей менен жолугушуп, өз ара кызматташуу боюнча негизги багыттарды белгилешти. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга КЭРдин коомдук коопсуздук министрлигинин терроризмге каршы күрөшүү Департаментинин жетекчиси Ань Вейсин, Эл аралык кызматташуу Департаментинин жетекчисинин орун басары Дуан Дации, Коомдук коопсуздук Департаментинин жетекчисинин орун басары Яликун Якуфу жана министрликтин башка кызматкерлери катышты.

Ички иштер министри Улан Исраилов кыргыз милициясынын жетекчилиги менен болгон жолугушуусуна ыраазычылык билдирип, коомдук коопсуздукту сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө мындан ары да терең жана эки тараптуу кызматташууларды өнүктүрүүнүн зарылдыгын, бардык тараптан жигердүү кызматташууга кызыкдар экендигин баса белгиледи.

Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн элдеринин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кызматташуу жолдорун талкуулашты. Негизги көңүл терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча актуалдуу маселелерге бурулду.

Ошондой эле, тараптар Кытай Эл Республикасынын Кыргызстанда жашап жана иштеп жаткан жарандарынын жана ишканалардын коопсуздугун камсыз кылуу, коомдук коопсуздукту сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө биргелешгкен иш-аракеттерди колго алуу жана укук коргоо багытында тажрыйба алмашуу жана кызматташууну мындан ары да өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө ишеним билдиришти.
Жолугушуу жылуу жана достук маанайда өттү.

Пикир

Оставить комментарий