• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Министр Уланбек Мамбетакунов ОшМПУнун жамааты менен жолукту

Билим 0

Бишкек, 29.11.22. /Кабар/. Бүгүн, 29-ноябрда билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов иш сапары менен Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде болуп, жамаат менен жолугушту. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда министр алгач билим берүү тармагында аткарылып жаткан иш-аракеттерге токтолду.

Ошондой эле министр өкмөт тарабынан педагогикалык багыттагы адистиктердин, мугалимдердин кадыр-баркын көтөрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, анын үстүндө кызуу иштер жүрүп жатканын баса белгилеп, ошол кадамдардын негизинде окуу жайдын профессордук-окутуучулар курамы менен пикир алмашып, сунуштарын укканы келгенин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар тарабынан бир нече актуалдуу сунуш-пикирлер айтылып, суроо-жооп менен коштолду.

Белгилей кетсек, министр Мамбетакуновдун иш сапары Баткен облусуна уланып, андагы билим берүү мекемелери менен танышмакчы.

Пикир

Оставить комментарий