• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Министр Улукбек Кочкоров Ошто жергиликтүү калк менен жолугуп, суроолорго жооп берди

Аймак 0

Бишкек, 21.01.19. /Кабар/. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров Ош облусунун Араван районуна иш сапары менен барган. Бул тууралуу ведомствоунун басма сөз кызматынан кабарлашкан.

Маалыматка ылайык, министр Кочкоров Араван районунун тургундары менен жолугушуп, мамлекеттик жөлөкпулдар, жаш балдарга зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча, башка адамдын багуусуна муктаж, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 18 жашка чейинки балдары бар ата энелерге төлөнүүчү "жеке ассистент" боюнча боюнча суроого жооп берип, тиешелүү маалыматтарды берген.

Андан сырткары элдердин көйгөйлөрү менен таанышып, тийиштүү тапшырмаларды берди.

Министр менен бирге Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров барды.

Пикир

Оставить комментарий