• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Министр: Ун, кумшекер, өсүмдүк майынын жетиштүү кору бар экенин ишенимдүү түрдө айта алам

Коом 0

Бишкек, 15.03.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. “Кыргызстанда ун, кумшекер, өсүмдүк майынын жетиштүү кору бар экенин ишенимдүү түрдө айта алам”, - деп белгиледи “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев.

Анын айтымында, калктын аярлуу катмарына акысыз 11 миң 467 тонна ун берилген.

“Ал 230 миң үй-бүлөнү түзөт. Бүгүнкү күндө иш уланууда, 7 миң тоннага жакын ун дагы таркатылды. Азыр ун, өсүмдук майы, кумшекер жана биринчи керектөөдөгү азык-түлүктөрдүн баары мамлекеттин көзөмөлүндө. Андыктан дүрбөлөңгө түшпөңүздөр. Запастар толукталып турат. Мамлекет тарабынан акча каражаты бөлүнүп жатат”, - дейт ал.

Министр ошондой эле 1 млн кг кумшекер (сатылышы - 1 кг 70 сом) жана 500 миң литр өсүмдүк майын (1 литри 130 сом) соода түйүндөрүнө жеткирилип жатканын айткан.

Пикир

Оставить комментарий